Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнүн кылмышын, айыбын, күнөөсүн мойнуна албай актанууга аракеттенүү, бирөөгө жала жаба акчылануу. Жан талашып бет тырмарлык да кылып көрдү. Сен Култай бирөөнүн мэкесин тебелеп-тепсетип алып, анан мага арызданып бет тырмарлык кыласыңбы? - деди Мырзабай (Абдукаримов). Бет тырмарлык кылып, сенденэптеп ажырашканда да чындыкты жашырып .. качкан болчумун (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өзү кетирген каталыгын, кылмышын мойнуна албай, бирөөдөн көрүү, акчыланып жалаа кылуу, күнөөнү башкага койгусу келүү. – Сен, Култай, бирөөнүн мекесин тебелеп-тепсетип алып, анан мага арызданып бет тырмарлык кылдыңбы? – деди Мырзабай (Абдукаримов). Бет тырмарлык кылып, сенден эптеп ажырашканда да чындыкты жашырып качкан болчумун (Абдукаимов).